Кыргызстанда бир да жолу лицензияны сатуу боюнча аукцион өтө элек

Кыргызстанда лицензияны сатуу боюнча бир да жолу аукцион өтө элек. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 14-февралда, болгон коллегиялык жыйынында агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди.

Ал ошондой эле лицензия сатуу боюнча алгачкы аукцион Жерүй алтын кенине боло турганын кошумчалады.

Чунуев өз сөзүндө тоо-кен тармагындагы негизги көйгөйлөр болуп убагында лицензиянын берилбеши, компаниялар тарабынан отчеттердун маалында тапшырылбашы, экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо жаатында маселелер бар экенин кошумчалады.

Коллегиялык жыйын учурунда ал ошондой эле облустар боюнча кен иштетүүгө жана чалгындоого берилген лицензиялардын санын айтты. Агы ылайык, Чүй облусуна жалпысынан 238 лицензия берилсе, анын 187си кен иштетүүгө берилсе, 51 лицензия чалгындоо иштерине берилген. Ош облусу боюнча берилген лицензиялардын жалпы саны – 180. Анын 109 кен иштетүүгө, 71и чалгындоо иштерине берилген. Ал эми Баткен облусу боюнча 133 лицензия берилген. Кен иштетүүгө 71, чалгындоо иштерине 62 лицензия берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД