Депутат ташталган ымыркайлар үчүн беби-боксторду жасоону сунуш кылды

Бүгүн, 14 февралда, пленардык жыйында Дастан Бекешов жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштоо көбөйүп калганына тынчсызданып жатканын билдирди. "ЖМКларда наристелерди таштандынын арасынан же ажаатканалардан табылганын көп жазышат. Бирок, эмне үчүн аялдар мындай мыкаачылык менен балдарын өмүрүнөн ажыратып жатканын эч ким иликтеп, кызыккан жок. Жөн эле аялдарды камакка алуу, маселени чечүүгө жардам бербейт. Бул көрүнүш жылдан жылга көбөйө берет. Эмне үчүн өкмөт бул маселени чечпейт? Жок дегенде маселенин себебин билүү үчүн изилдөө жүргүзүүгө миллион сом бөлсөңөр болмок. Каражат жетишсиз болуп жатса донорлорго кайрылгыла. Алар мындай керектөөлөргө сөзсүз беришет. Же болбосо батыш өлкөлөрдүн мисалында аялдар калтырып кетүү үчүн беби-боксторду орнотуу зарыл. Эң негизгиси, наристелердин өмүрүн сактап калуу керек. Аларды кийин башка үй-бүлөлөр багып алышат", - деди Бекешов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД