Панфилов районунун чиновниктери 1 млн 700 миң сомду сол чөнтөккө салышты

Панфилов районунун чиновниктерин милиция кызматкерлери коррупцияга жол берген деп айыптап, камакка алышты. Бул тууралуу ИИМдин кызматкерлери билдиришти.

ИИМдин Мыйзамсыз каражаттарды легализациялоого каршы башкармалыгы Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жана Чүй облусундагы Панфилов районунун мамадминистрациясынын Физкультура жана спорт бөлүмүнүн жоопкерчиликтүү кызматкерлери кызматын кыянаттык менен пайдаланган фактыларын аныктаган.

Жогоруда айтылган кызматкерлер 2010-2011-жылдары жасалма документтердин жардамы менен бюджеттик каражаттан 1 млн 700 миң сом кымтып алышып, мамлекетке бир топ зыян келтиришкен.

"Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Жоопкерчилигине берилген мүлктү талап-тоноо же өзүмдүккө чыгаруу" беренелери менен кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД