Ленин районунундай башка акимиаттар да селсаяктарды медициналык кароодон өткөрөт

Селсаяктар арасындагы орулуулар бир эле калыпта сакталып келет, бирок ооругандардын жашы улам жашарып келгени көңүлдү кейитет. Бул тууралуу "ВБ"га Ленин районунун социалдык коргоо башкармасынын жетекчиси Роза Асаналиева айтып берди.

Анын айтымында, Ленин администрациясынын өкүлдөрү жана ИИБнын социалдык коргоо кызматкерлери менен биргеликте өткөргөн "Үйсүз" рейди учурунда, кургак учук менен ооруган 15 адам аныкталган. Анын 11и ачык формасы менен ооруса, төртөөндө анчалык кооптуу эмес, жабык формасы экени белгилүү болгон. Баардыгын күчкө салып дарыланууга мажбурлашты.

"Оорулуулардын саны бир эле калыпта сакталып келгени менен, бул категорияга жаштар да кошула башташты. Бүгүнкү күндө 80% болсо, бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп келет. Рейд учурунда биз 78 селсаякты текшерүүдөн өткөрдүк. Кечинде дагы бир нечеси келишти. Биз жүргүзгөн каттоонун негизинде 102 адам жазылды. Бирок медициналык кароого баардыгы жетишишкен жок. Жакынкы аралыкта алар үчүн дагы текшерүү жүргүзүүнү пландап жатабыз", - деп Асаналиева белгиледи.

Ошондой эле Асаналиева башка райондордон да Ленин районунан үлгү алып, көчөө жашоочулары арасында өмүргө кооптуу деген илдеттерди аныктоого киришээрин айтып өттү.

"Октябрь району да жогорудагыдай акция өткөрүштү. Тилекке каршы, ал жакта кургак учукту жүз пайыз кепилдик менен аныктоочу флюроаппарат колдонулган жок. Бүгүн консультация алганы Первомай администрациясынан келишти. Биз мындай рейдде иштөөнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп жаттык", - деп кошумчалады.

Мындай акциянын Бишкектин башка райондорунда да өткөрүлүшү үлгүлүү тажрыйба экенин айгинелеп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД