Обама: Ооганстандагы согуш 2014-жылдын соңуна чейин аяктайт

АКШнын президенти Барак Обама ушул жылы 34 миң аскер кызматкерлери Ооганстандан үйлөрүнө кайтып, 2014-жылдын соңуна чейин ал жердеги согуш аяктайт деп расмий билдирүү жасаганын РИА Новости маалымдады.

"Биз мекенине 33 миң эр жүрөк жоокерлерди кайтардык. Ушул жазда биздин күч структуралары колдоо функцияларын өздөрүнө алышат. Ал эми өлкөдөгү коопсуздукту сактоо милдетин оогандык коопсуздук кызматы аткарат. Азыр мен бир жыл ичинде Оогандагы аскерлер кыскартылып, ал жактагы кагылышуулар токтоорун жар салам", - деп АКШнын президенти өзүнүн Конгресске жөнөтүлгөн катында билдирди.

Мындай билдирүүнү жасагандан мурда, Обама Ооганстандын президенти Хамид Карзай, британиялык премьер-министр Дэвид Кэмерон жана Германиялык канцлер Ангела Меркелге бул туурасында кабар берген.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, учурда Ооганстанда 66 миңден ашуун жоокер кызмат өтөшүүдө. Серепчилердин пикири боюнча АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарууну тездетүү аракетин көрүп жатат. Бирок америкалык "Ак үй" 2014-жылдан кийин НАТОнун негизги континенти кеткенден кийин америкалык аскерлер Ооганстанда калабы жокпу, бул боюнча акыркы чечимин дале чыгара элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД