Бүгүн, 13- февралда, борбордук аянтта атамекенчилердин митинги соңуна чыкты. Чүй проспектиси автоунаалар үчүн ачылып, митингчилер тарай башташты.
Демонстранттардын алдында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Асия Сасыкбаева, Болот Шер, Наталья Никитенко жана Гуласал Садырбаева сөз сүйлөштү.
Эскертсек, 1,5 миңге жакын партиянын жактоочулары атамекенчилерди 2010-жылдагы апрель окуясынан кийинки мародерлукка тиешеси бар деген айыптоого каршылыгын билдиришкен.
Бүгүн Жогорку Кеңеште өткөн жумада талкууланып баштаган комиссиянын корутундусун кароону улантышат. Комиссиянын корутундусуна каршылыгын билдирген альтернативдик комиссия да ошондо түзүлгөн.