МУККдан 2007-жылдан 2010-жылга чейин 330 кызматкер жумуштан алынган

"Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан 2007-жылдан 2010-жылга чейин 330 кызматкер жумуштан кеткен", деп бүгүн маалымат жыйында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Кайрат Осмоналиев маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле 2010-жылдан бери канча кызматкер жумуштан кеткендиги тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады. Анын айтымында, жетекчилердин бат-баттан алмашуусунан кадрлардын сапаты да начарлап кеткен. "Кетирилген кызматкерлер өздөрү жетекчилердин бат-баттан алмашуусунан улам кадрлардын сапаты түшүп кетти деп айтышууда. Жаңы келген жетекчилер тилекке каршы өз тармагында профессионал болгон эмес", - дейт ал.

Осмоналиев ошондой эле бир чекисти даярдоо көп убакытты жана каражатты талап кыларын кошумчалады.

Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Гүлзат Шамсутдин кадрлардын сапатын жогорулатуу үчүн ведомствого бир катар сунуштар берилгенин айтты. "Кызматкерлерди жумушка алуу жол жобосун катуулатууну сунуштадык. Эгерде жумушка алуу катууласа кызматкерлердин сапаты жогоруламак",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД