Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматында иштегендерди социалдык жактан коргоо төмөндөп кеткен. Ошондой эле мотивациялык саясат да төмөндөгөн. Мисалы, жакшы иштегендерге үй берүү, ардагерлерге каралчу жеңилдиктер,кызматкерлердин балдарын бала бакчага орноштуруу тармагында маселе бар. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Кайрат Осмоналиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле коомдук байкоочу кеңеш бир катар маселелердин ачыкка чыгышына жана жабыр тарткандарга жардам көргөзгөн.
"Биздин ишмердигибиз учурунда орун алган олуттуу окуялардын бири - убактылуу кармоочу жайынан МАИ кызматкеринин сөөгүнүн табылуусу болду. Биз ал жерге барып, иш менен тааныштык. Бул окуялар жашырылбай коомчулукка белгилөө болду. Андан сырткары MegaComдун жетекчилери Абеков менен Мурзалиевдин жубайлары, аларды күйөөлөрү менен жолуктурбай атканын айтып кайрылышты. Биз да тийиштүү жактарга арыз менен кайрылып, мындай мамиле камакка алынгандардын укугун бузуп атканын айттык", - деди ал.