Митинг-митинг, ушул каракчы-талоончу мародерлик болбосо эмнеге иш козголмок эле эми
алардын лидерин эки мин эмес эки жуз мин киши колдоп чыкса дагы аларды эл душман-
дары катары жоопко тартууга туура келет себеби Кыргызстан жашашы керек тазарып!!!
Бүгүн, 13-февраль күнү, Бишкектеги "Ак үйдүн" алдында митинг уюштуруп жаткан "Ата Мекен" партиясынын жүздөгөн жактоочулары митинг уюштуруп, Чүй проспектисин тосушту. Автоунаалар Киев жана Фрунзе көчөсү менен жүрүүгө аргасыз болууда.
Демонстранттар 2010-жылдагы апрель окуясындагы мародерлукка, атамекенчи депутаттардын тиешеси бар экенидигин карап жаткан парламенттик комиссиясынын өкүлдөрүн, митингчилерге чыгуусун талап кылып жатышат.
Бүгүн Жогорку Кеңеште парламентарийлер өткөн жумада талкууланып баштаган комиссиянын корутундусун улантышмак. Эскерте кетсек, анда депутаттардын альтернативдик корутундусу пайда болгон. Алар комиссиянын жыйынтыгына макул эместигин билдиришкен. Учурда митинг уюштуруучулары биоажаатканаларды орнотуп, сахнаны тургузууга киришишти.
Азырынча митинг баштала элек. Тартипке милиция кызматкерлери көзөмөл салууда.