Кышкы спорт түрүнүн атактуу төрт спортчусу Кыргызстанга келишет

13- 20-февралга чейин Кыргызстанга кышкы спорт түрүнүн атактуу спортчулары келип кетишет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Алардын берген маалыматына ылайык Кыргызстанга Ямайканын бобслей боюнча курама командасынын капитаны, олимпиаданын үч жолку катышуучусу Дэвон Харрис, лыжа фристайлы боюнча дүйнөлүк Гран-принин эки жолку чемпиону, 1992-жылдагы Олимп оюндарындагы коло медалдын ээси Нельсон Кармайкл, олимпиаданын эки жолку катышуучусу, тоо лыжачы Кэролайн Лалив жана ампутацияланган мүчөсүнө карбастан, биринчи болуп Эверест чокусун багындырган Том Уиттейкер келишет.

Спортчулардын сапары коммерциялык эмес, "Фонд Американ300" уюму тарабынан уюшулган. Алар Каракол жана Орловкадагы кышкы спорт лагерлерде эс алып жаткан коомдун социалдык жактан аялуу катмарынын өспүрүмдөрү менен жолугушат. Бул жолугушууну Жаштар министрлиги уюштурат.

"Бул АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен үчүнчү ирет кызматташыбыз. Биздин максат, өмүрлүк тажрыйбасы мол адамдарды чакыруу. Бул достук мамилени бекемдөөнүн мыкты рецепти", - деди фонддун негиздөөчүсү жана мурунку олимп тренери Роби Пауэрс.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД