Дорогой отец!Больше себя ты любил твой народ и народ твой никогда тебя не забудет......
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 12-фералдагы, кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 80 жылдык мааракеси жөнүндө" маселе каралды.
Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан Байдылда Сарногоевдин кыргыз улуттук маданиятынын жана адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын эске алуу менен анын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча бир катар чараларды көрүү керектиги белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Жыйынтыгында Сарногоевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгаруу, эстелигин орнотуу, поэзия жаатындагы чыгармалар үчүн Сарногоев атындагы сыйлыкты белгилөө чаралары өкмөткө табышталды.