Бишкек гарнизонунун аскер соту кечээ, 11-февралда, мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын агасы Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сот Курманбек Бакиевди Кылмыш кодексинин 305 беренеси боюнча айыптуу деп таап, 24 жылга кести. Аны менен бирге бардык мүлкү конфискацияланат.
Сот Жаныш Бакиевди алты берене боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою абакка кесүү менен барлык мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарды. Андан сырткары Жаныш Бакиев генерал-лейтенант наамынан да ажырады.