Генпрокуратура жыл ичинде козголгон кылмыш иштердин санын жарыялады

Генералдык прокуратуранын коллегиясы 2012-жылдын прокуратура органдарынын иш алып баруусуна жалпы жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу мамлекеттин негизги көзөмөлдөөчү ведомствонун пресс-борбору маалымдады.

Пресс-борбордун билдирүүсүнө ылайык, 2012-жылы прокуратура органдары 6 136 текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Алар аткаруучу бийликтин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мыйзам чегинде иштеп жатышкандыктарын көзөмөлгө алышкан.

Текшерүүлөрдүн негизинде 3 322 укуктук актылардын мыйзам бузуусу жокко чыгарылгандыгы, 3 526 мыйзам бузуу четтетилгендиги, 1 207мыйзам бузуунун алдын алуусу аныкталган. Дисциплинардык жоопкерчиликке 4 135 адам, 637 - административдик жоопкерчиликке тартылып, 494 кылмыш иши козголгон.

Андан тышкары, коррупциялык багытта 1 180 кылмыш иши козголду.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, мамлекетке 1 миллиард сомдон ашуун зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, көпчүлүк коррупциялык мыйзам бузуулар айыл өкмөтүндө (253 иш) катталган. Мэрия менен акимиаттарда - 121, ИИМде - 69, Мамлекеттик каттоо кызматы - 49, Мамлекеттик салык кызматы - 40, билим берүү тармагында - 73, саламаттыкты сактоо - 46, транспорт жана байланыш - 26 иш.

2012-жылы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерге карата коррупциялык мыйзам бузууларды аныктоо жанданганы белгиленет. Мисал катары Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш ишин тергөө соңуна чыгып, сотко жөнөтүлгөндүгү жана Бишкек мэриясындагы бир катар чиновниктеринин иши келтирилет.

Учурда ЖКнын депутаттары Нурлан Сулайманов жана Элмурат Обдуновдун иштерине иликтөө жүргүзүлүүдө.

2012-жылы республика боюнча 28 847 кылмыш иши катталса, 2011-жылы бул көрсөткүч 30 520ны түзгөн. Демек, кылмыштуулук 5,4%га азайды. Кылмыштуулуктун төмөндөгөнү Ош жана Баткен облустарынан тышкары бардык аймактарда байкалууда. Бишкек боюнча 11 441 кылмыш иши катталды, бул жалпы республикалык көрсөткүчтүн 39,6%ын түзөт.

Шаар жана райондордун 62 прокурорунан 41и дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД