Москвада өтүүчү эл аралык китеп жарманкесине Чынгыз Айтматовго бир бөлүм арналат

Москвадагы эл аралык китеп көргөзмөсү жана жарманкесине Кыргызстандын өкүлдөрү конок катары чакырылмакчы. Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына пландашылууда. Анын бир тематикалык бөлүмү быйылкы Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына байланыштуу, улуу жазуучунун чыгармасына арналат. Бул тууралуу РФтеги Кыргызстандын элчилигине жарманкенин дирекциясынын өкүлү Ольга Фомичева билдирген.

Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ылайык, жакынкы убакта дирекциянын өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып, анда бул форумда кыргыздардын да катышуусу жана айтматовдук экспозицияны уюштуруу маселелери сүйлөшүлөт. Россия тарап билдиргендей, анда ар кайсы жылдары басылган чет тилдердеги китептери көрсөтүлөт. Ошондой эле архивдик материалдар, классиктин биографиясы жана чыгармачылыгы менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул иш-чарага эки тараптан башка дагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын жардамдашуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандагы басмаканалар жана китеп таркатуучулардын ассоциациясы билдиргендей, КР буга чейин көптөгөн эл аралык китеп көргөзмөлөрдүн катышуучусу болуп келген. Бирок, учурда, экономикалык жана башка бир катар себептерге байланыштуу токтотулган. 2010-жылдан бери ассоциациянын жардамы менен кайрадан жогорудагы жарменкеге катышып келет. Кантсе да мындай иш чаралар мамлекеттик колдоого муктаж.

Маалымат үчүн

Москвадагы эл аралык китеп көргөзмө-жарманкеси 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул эл аралык деңгээлдеги эң ири китеп форумдардын катарына кирет. Салтка айлангандай көргөзмөгө ондогон мамлекеттерден басмаканалардын мыкты адистери жана РФтин жүздөгөн компаниялардын өкүлдөрү чогулушат. Жарманкенин ачылыш күнүндө "Жылдын китеби" улуттук сынак жыйынтыкталат. Авторитеттүү көргөзмө россиялык китеп басмаканаларынын негизги жетишкендиктерин аныктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД