Нарынбек Молдоисаев: Рысалиев үйрөтүлгөн сөздөрдү айтып атат

"Зарылбек Рысалиев талап-тоноочулук боюнча иш 85% далилденди деп айтып атат. Кылмыш жаза кодекси боюнча антип пайыздык көрсөткүч чыгаруу туура эмес. Андай болбойт",-деп укук коргоо органдарынын ардагерлеринин "Кылым Жолу" коомдук уюмунун мүчөсү Нарынбек Молдоисаев маалымат жыйында билдирди.

"Ал кайсыл булактарга таянып айтып атат? Рысалиев муну өзүнүн тили менен сүйлөгөн жок, ал үйрөткөндөрдүн сөзү менен сүйлөп атат. Балким ага жогорку кызмат сунушталып атышы мүмкүн", - дейт ал.

Ал ошондой эле 7-апрелдеги окуялар өз максатына жетпегенин айтты. Молдоисаев каргашалуу окуяда каза болуп, майып болгондорду ким атканын илитегендин ордуна, Бакиевдин мал-мүлкүн, байлыгын талагандарды иликтеп атышат, деп кошумчалады. "Эл үчүн иштеп аткандарга бут тосуп, туура эмес оюндарды уюштуруп атат. Октон каза болгон жана майып болгондорду кимдер атканы тактала элек, качып жүргөндөрдүн бирөө да кармала элек. Акыйкаттык кайда?",- деп суроо салды ал.

Андан сырткары ал 7-апрелге тийиштиги бар атка минерлер түрдүү көрсөтмө берип атканын белгиледи. "Мына Суталинов жакында эле көрсөтмө берип атат, мен качкан эмесмин, үйдө отурам деп атат. Эртең Данияр Үсөнов да келип ушинтип айтса, эмне дейбиз?", -дейт Молдоисаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД