Эрнест Абдыжапаров: Бегалиевди ордунан өз ыктыяры менен кетүүнү премьер суранган

Улуттук консерваториянын жамааты Жогорку Кеңешке, президентке жана премьер министрге Муратбек Бегалиевди ордунда калтыруу тууралуу арыз менен кайрылышты. Себеби, консерваториянын жетекчисин ордунан алууну каалаган күчтөр бар деп айтылып атыптыр. Бул тууралуу белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров бүгүн маалымат жыйында билдирди.

"Балким менин айткандарым куру жалаа да болуп калышы мүмкүн. Менин уккандарыма караганда өткөн жумада Бегалиевди премьер-министр өзүнө чакырып, "Сиз өз ыктыярыңыз менен кетсеңиз жакшы болмок, мени сизди жумуштан алуу тууралуу буйрук чыгарттырбай эле коюңуз" деген сүйлөшүү болгон. Бирок, Бегалиев андай сунушка макул болбой "мен дагы 3 жыл мыйзамдуу иштейм" деп жооп берген", - деди конорежиссер.

Ал ошондой эле Бегалиевди ордунан алуу маданият тармагына чоң терс таасир тийгизет деп кошумчалады. "Ал жерде 1500ден ашык киши тарбияланат. Кино тармагындагыдай абал улуттук консерваторияда да кайталанышын каалайбыз. Анткени 2005-жылы Бектеналиевдин ордуна Эралиев келген. Биз эми гана бир-бирибизди түшүнүп иштеп баштадык. Ошондон улам ал нерсе кандай экенин жакшы билебиз",-деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД