Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна чектөө киргизилди

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу жолдун 22чи жана 115-чакырымына райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан пост коюлуп, саат 18:00дөн 08:00гө чейин унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Ошондой эле кечээ, 11-февраль күнү, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке -Кара-Кулжа -Алайкуу унаа жолунун 96-чакырымында ЖЭМ-26дан 1 жүктөгүч, 88-чакырымында 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүздү, саат 22:20да унаа жолду тазалоо иштери аяктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД