"Технологиялык парктар жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат

Кыргыз Республикасынын "Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө" мыйзамынын долбоору технопарктарды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн, технопарктар өнүгүп кетүү процессиндеги мамлекеттик ар кандай колдоолордун укуктук-нормативдик негиздерин аныктайт.

Мыйзам долбоорунда технопарктардын ийгиликтүү өнүгүп кетишин көздөгөн мамлекеттик колдоонун ар кандай түрлөрүнө көңүл бурулган. Аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктерин берүү, республикалык жана муниципалдык бюджеттерден көмөк көрсөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарды өзгөчө шарттарда ижарага берүү, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөгү өзгөчөлүктөр ж.б.у.с. кошсок болот.

Мыйзамдын кабыл алуусу Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүгө эффективдүү укутук өбөлгө болоруна шек жок. Жыйынтыгында, Кыргызстанда бизнес чөйрөсү менен илимий колдонмо тармагынын шайкеш иштеши, инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу интеллектуалдык бизнестин өнүгүүсү, жаңы жумуш орундардын түзүлүшү укуктук жактан камсыз болот. Кошумча айта кетчү нерсе: белгилүү болгондой Россиянын, Түркиянын расмий өкмөттүк өкүлдөрү жана ишкер адамдары Кыргызстанда технопарктарды түзүү жана куруу боюнча өз кызыкчылыктарын такай билдирип келишүүдө. Бул мыйзамдын кабыл алынышы аталган өлкөлөр менен да эл аралык кызматташтыкты жандандырууга да өз салымын кошуусунда шек жок.

Эскертсек мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев, Роза Акназарова, Данияр Тербишалиев, Равшан Жээнбеков, Наталья Никитенко, Марат Султанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД