"Экономика жана финансы министрлигининин кызматкерлеринин айлыгы башка министрликтерге салыштырмалуу жогору",- деп Экономика министрлигинин бүгүнкү коллегиялык жыйынында КР өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция боюнча бөлүм башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Ал бул эки министрлик өлкөнүн финансылык жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чоң иштерди жасашы керек, деп кошумчалады.
Өз кезегинде экономика министри Темир Сариев ал жетектеген ведомство өкмөт менен биргеликте иштеп атканын жана 2012-жыл оор жыл болгонун, ошого карабастан көпчүлүк көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн болгонун белгиледи. "Биз абалга жана кырдаалга жараша аракеттерди убагында көрдүк", - деди министр.