Өкмөт инвестицияны жана кадрларды даярдоого жардам берет. Билим берүү тармагы абдан маанилүү. Адам ресурстарын жакшы пайдалануу керек. Аз адам менен жакшы жыйынтык көргөзүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев Экономика министрлигинин бүгүнкү 11-февралдагы коллегиялык жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле жакында Ысык-Көл облустун администрациясынын коллегиясында болгонун айтып, ал жакта дээрлик жарым миллиард сом салык жыйналганын билдирди.
"Ысык-Көл облусунда дээрлик 500 млн сом чогулган. Мындан да көп каражат чогулушу керек. Андыктан бул тармактагы фискалдык саясатты да өзгөртүү керек", - деди Оторбаев.
Ал өз сөзүндө тейлөө тармагы да жылдан жылга өсүп аткандыктан, бул жаатта да реформалык иштер жасалышы керек деп белгиледи.