Экономикалык төмөндөөнүн эң негизги себеби Кумтөр кениндеги геологиялык факторлордон улам алтын өндүрүүнүн азайышы себеп болду. Ошондой эле агрардык секторго жаратылыш-климатынын тийгизген терс таасири да экономиканын өнгүгүшүнө өз таасирин тийгизди. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов министрликтин бүгүн, 11-февралдагы, коллегиялык жыйынында "Кыргызстандын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө" айтып атып билдирди.
Анын айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү 2011-жылга салыштырмалуу 12,1%га көбөйүп, 86,8 млрд сомду түзгөн. ИДПнын үлүшү 28,5 % болгон.
"Өткөн жылы кээ бир экономикалык терс тенденцияларга карабастан белгилүү бир жыйынтыктарга жетиштик.ИДПнын көлөмү 2012-жылы күтүлөп аткан планга 2,7% жетпей калган",- дейт ал.