"Сертификациялоо маселесине келгенде орун алган көз боёмочулук жоюлбаса болбойт. Үрөндөрдүн сапатын текшерүүгө келгенде аны өндүргөн тарап 5-10 кг пакетке салып алып лабораторияга барып, сертификат алып алган соң, иштин калганын "өзүм билемдик" менен жайгара берген фактылар жолугат",- дейт Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов "Парламент" ( FM 90.2) радиосуна курган маегинде. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Ошол себептен дан эгиндеринин сапаттуу үрөнү тартыш болуп, түшүм ойдогудай болбой жатат,- деп кошумчалады депутат.