Бүгүн, 8-февралда, президент Алмазбек Атамбаев акыйкатчы Турсунбек Акунду кабыл алды.
Президент омбудсмен түзүмү жалпы Борбордук Азия аймагында таанылган көз карандысыз укук коргоочу институт болуп калгандыгын белгиледи. Бүгүн укук коргоочу органдын укуктук мамлекетти калыптандыруудагы жана коом турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы ролуна баа бербей коюу мүмкүн эмес деп билдирди. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.
"Кыргызстанда укуктук билимди ырааттуу жакшыртууда, мекендештерде укук маданиятын калыптандырууда, мыйзамды бекем сактап жашоо зарылдыгын аңдап-түшүнүүдө омбудсмендин салымын арттыруу зарыл", - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Өз кезегинде Турсунбек Акун президентке омбудсмендин Кыргызстандагы жакынкы мерчемдери жана ишмердигинин келечектери жөнүндө маалымат берди.