Кыргызстанда картошка бир айда 18%га кымбаттады

БУУнун Кыргызстандагы бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы январь айына болгон азык-түлүктүн баасын жана тамак-аш коопсуздугу боюнча отчетун жарыялады.

Маалыматка ылайык, чекене сатыктагы буудай уну өткөн айдагыдай эле баасы кымбат бойдон калган. 2012-жылдын июнь айынан бери айыл жеринде ундун баасы 56%га жогорулаган, шаар жеринде – 48%, ал эми өлкө боюнча ундун баасы орто эсеп менен 52%га кымбаттаган.

Андан сырткары картошкага болгон орточо баа айыл жеринде 18%га кымбаттаса, шаар жеринде өткөн айга салыштырмалуу 17%га жогорулаган. Өлкө боюнча картошкага болгон баа өткөн жылдын январына салыштырмалуу 55%га кымбаттаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД