Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттери дагы деле такталууда

Ысык-Көл облусунун аймагында 2013-жылдын 28-январы күнү болуп өткөн жер титирөөдөн кийин облустун райондорунун, шаарларынын жарандык коргоо комиссиялары, КР ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын, ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин жана КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун кызматкерлери менен бирдикте жапа чеккен турак үйлөрдү текшерүү иш чаралары уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өтө коопту авариялык абалдагы турак жайларды коопсуз жайга көчүрүү Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан берилген эскертмелердин негизинде, айыл аймактары тийешелүү иш чараларды жүргүзүү улантылууда. Тагыраак айтканда, азыркы учурга алынган маалыматтар боюнча жер титирөөнүн кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунан 161 жарандан турак жайларынын абалын карап берүү боюнча кайрылуу түшүп, анын ичинен 30 турак жай авариялык абалда, 23 турак жай капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болсо, 12 турак жайда майда жаракалар пайда болуп, дагы 21 турак жай азырынча көзөмөлгө коюлган.

Ал эми Ак-Суу району боюнча 30 турак жай ээлеринен кайрылуу түшүп, анын ичинен 7 турак жай авариялык абалда экендиги аныкталып, дагы 11 турак жай көзөмөлгө алынды.

Тоң району боюнча 85 турак жай ээлеринен кайрылуу түшүп, анын ичинен 3 турак жай авариялык абалда экендиги тастыкталып, дагы 23 турак жай көзөмөлгө коюлган.

Ошондой эле Каракол шаары боюнча 32 турак жай ээлеринен кайрылуу түшүп, анын ичинен 5 турак жай капиталдык оңдоону талап кылып, 3 турак жай катардагы оңдоого муктаж экендиги тастыкталып, дагы 8 турак жай көзөмөлгө коюлган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин директору Турдубек Ажибаев кырсык болгон аймакка жөнөтүлүп, азыркы учурда ал жетектеген эксперт-адистер тарабынан кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле социалдык жана билим берүү объектилеринин абалдарын аныктоо боюнча да жарандык коргоо комиссиясы тиешелүү иш чараларын алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД