Катар мамлекетине кыргыз койлору экспорттоло баштайт

Санитария, ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Катар мамлекетине кичи мүйүздүү малды экспорттоого уруксат берди. Бул тууралуу инспекциянын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өткөн жылдын декабрь айында Катар мамлекетинин карантин-ветеринардык кызматы Кыргызстанга келип эпизоотикалык абал менен жана Катарга койлорду жиберүүнү уюштуруу иштери менен таанышып кеткен.

Иш сапары учурунда алар Республикалык ветеринардык диагностикалык борбордун материалдык-техникалык абалы менен таанышкан.

Белгиленгендей мал-чарба департаментинин директору Каммен Ал-Катани Кыргызстандан койлорду импорттоого уруксат берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД