Жогорку Кеңештин депутаттары донорлордун каражаты менен Малайзияда жүрүшөт

Жогорку кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев башында турган парламенттик делегация Малайзияга жумушчу иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Делегация курамында депутаттар Каныбек Осмоналиев, Карганбек Самаков, Элмира Иманалиева, Алла Измалкова, Бахадыр Сулейманов, Элмира Жумалиева бар.

Иш сапардын алкагында Малайзия парламентинин вице-спикери, билим берүү, эл аралык соода жана өнөр жай министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле "Табунг Хаджи", "Халал" индустриясын өнүктүрүү" сындуу бир катар ири корпорациялардын башчылары менен жолугушуу иш-чаралары пландаштырылган.

Иш сапар Малайзия парламентинин чакыруусу жана ЮСАИДдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине колдоо көрсөтүү программасынын каржылык көмөгү боюнча уюштурулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД