Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы READ (Орусия программасынын Траст Фондунун билим берүүнү өркүндөтүү максатындагы гранты) долбоорунун ишин баштоо жөнүндө макулдашуу катынын долбоору талкууланып, келишимди ратификациялоо чечими менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Келишимге ылайык, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 1 млн 200 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнүн айтымында, ал каражат толугу менен Билим берүү академиясы аркылуу мугалимдерди адистик кайра даярдоодон өткөрүүгө жумшалмакчы.