Текебаев: Комиссиянын тоноочулук боюнча корутундусун “Ата Мекен” талкуулаган жок

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын жабык эшик артында өткөн жыйынында 2010-жылкы талап-тоноочулукту иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулаганды деген билдирүүнү жокко чыгарды.

Текебаев, талап-тоноочулукка "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын тийиштиги бар же жок экендигин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин алдыдагы пленардык жыйынында ачык талкууланарын кошумчалады.

Эскертсек, КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында "депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов берген корутунду жабык эшик артында талкууланган.

Текебаев ата мекенчилер комиссиянын корутундусун талкуулоо үчүн чогулбаганын журналисттерге билдирди. "Комиссиянын кортундусу жана Башкы прокуратуранын иликтөөсүнүн жыйынтыгы бар. Прокуратуранын иликтөөсүнө ылайык, 2010-жылдагы талап-тоноочулукка "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын тиешеси жок", - дейт Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД