Күйүүчү май жүктөлгөн жүздөгөн вагондор Өзбекстандан Кыргызстанга өтө албай турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда, КР нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев "ВБ"га билдирди.
Эскертсек, 21-январдан тарта Өзбекстан бир тараптуу негизде чек арадагы бардык темир жол бекеттерин жаап койгон.
26-янврадан тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кызыл-Кыя", "Карасуу", "Жалал-Абат" жана "Шамалдуусай" темир жол бекеттери жүк ташыган машиналарды өткөрө баштаган.
Ошентсе да вагондор өтө жай өткөрүлүп атканын Акенеев белгиледи. "Күйүүчү май жүктөлгөн 200 вагондун жарымынан көбү Өзбекстанда турат", - дейт ал.
Акенеев ошондой эле түштүк аймакты күйүүчү май менен камсыз кылуу туруктуу экенин белгиледи.