Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары жабык эшик артында жыйын курууда. Бирок жыйын болору тууралуу мурда айтылган эмес.
Алдын ала маалыматтарга караганда атамекенчилердин чукул чогулушун КСДП фракциясынын жыйынында тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунун каралуусу менен байланыштырышууда.
Аталган депутаттык комиссияны "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов жетектеген.