Биринчи Май райондук сотунун 31-январдагы чечимине ылайык, Пайзуллабек Рахмановдун баш каргоо чарасы каралып, аны 28-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу МУККнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Эскертсек, Пайзуллабек Рахманов эл аралык издөөдө алынган жана Казакстанда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.
Маалымдалгандай, Рахманов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенилип берилген мүлктү короткон деп айыпталууда. Ал буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов районунун администрация башчысы, КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин директору болуп иштеген.