Талас облусунун Кара-Буура районунун тургундары жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алышты. Бул тууралуу ИИМдин кызматкерлери билдиришти.
Маалымдалгандай, 29-январда болжол менен саат 20.00дө айылдардын биринде жаңы төрөлгөн кыз табылган. Белгисиз бирөөлөр кызды үйлөрдүн биринин короосуна таштап кеткен.
Учурда кызын суукта таштап кеткен энени аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.