Депутаттар ИИМдин башчысы отставкага кетти деген маалыматты текшеришүүдө

"Ички иштер министри Шамил Атаханов отставкага кетиптир деген маалымат пайда болду. Жогорку Кеңеш төрагасынын ушундай маалыматы барбы?", - деп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин пленардык жыйынында суроо салды.

Төрага Жээнбеков бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Нышанов "Атаханов – принципиалдуу адам", деп белгилеп, бирок ИИМ системасы "өтө эле коррупциялышкан" деп билдирди. "Ким иштебесе ошону кызматтан алуу керек деп ойлойм. Бирок Атахановга ИИМде коррупциялашкан аткаминерлер иштөөгө мүмкүндүк бербей атат. Эгер Атаханов чындап эле отставкага кетүү боюнча арыз берген болсо, анда депутаттар буга кийлигишүүсү керек", - дейт Нышанов.

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев "башкы милиционерди" комитеттин жыйынына төрт жолу чакырышканын, бирок Атаханов келбегенин билдирди.

"Ал биздин жыйындарды тоготпосо анда жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди чакырууну комитеттин акыркы жыйынында чечкенбиз",- дейт Бокоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД