Камчыбек Ташиев: Мени эч ким чөгөлөтө албайт

"Мен элимдин кызыкчылыгын коргоп, темир тордон аттадым", - деп бүгүн, 31-январдагы, сот иши учурунда айыпталып аткан "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал камакка алынгандан бери аны бир гана жолу суракка алганын айтты.

"Мен парламент депутаты, колунда реалдуу бийлик жок, анан бийликти басып алууга аракет кылды дегенди кандай түшүнүүгө болот? Эмне үчүн кайсыл бир прокурорлор ал тууралуу жазып атат? Парламент депутатында бийлик жок деп кайсыл жерде жазылыптыр?", - деп Ташиев ачууланды.

Эл өкүлү ошондой эле 3-октябрдагы митинг учурунда бийликти басып алгыла деп бир да жолу айтпаганын кошумчалады.

"Мен бийликти алууга чакырдым. Бийликти басып да алса болот, аны конституциялык жол менен да алса болот. Мисалы референдум аркылуу. Мен эч качан мени чыгаргыла деп бийликтен суранбайм. Козголгон кылмыш иштери мени коркутуп, чөгөлөткөнгө гана багытталган. Бирок андай болбойт", - дейт айыпталып аткан депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД