Алматыга жакын жерде авиакырсыктан каза болгон жарандын сөөгү алынып келинди

Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде катталган авиакырсыктан каза болгон бишкектик жарандын сөөгү алынып келди. Бул тууралуу ӨКМ 30-январда кечке жуук билдирди.

Эскертсек, 29-январда SCAT авиакомпаниясына тиешелүү Chellenger-200 учагы Көкшетау-Алматы каттамы боюнча учуп баратып, кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы 21 кишинин баары каза болгон.

Каза болгондордун арасында Бишкек шаарынын тургуну, 1997-жылы туулган Низамов Икромидин Мухитинович да бар болуп чыкты.

Казакстандын ӨКМ кызматкерлери сөөктү чек арага чейин алып келип беришкен. Кечээ чек арага кыргызстандык куткаруучулар жана ӨКМнын Бишкек боюнча башкармалыгынын жетекси орун басары барып, сөөктү алып келишкен. Жүк-200 кечээ саат 21:30да туугандарына берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД