Бүгүн мамлекеттик айыптоочу Садыр Жапаров менен Талант Мамытовго да Камчыбек Ташиевге коюлган айып тагылды. Эскертсек, депутат Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-октябрында өткөн митинг маалында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, деп айыпталган эле.
Аларга коюлган айыптарды уккан соң, депутаттар – Ташиев, Жапаров жана Мамытов бардык айыптарды четке кагып, өздөрүнүн күнөөлүү эмес экенин билдиришти.