"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу президент Алмазбек Атамбаевдин суракка алууга каршы оюн билдирди.
Прокуратура өкүлүнүн айтымында, 3-октябрда президент да, башкы прокурор Аида Салянова да борбордук Ала-Тоо аянтында болгон эмес. Ушундан улам аларды суракка алууга эч кандай негиз жок, деп эсептейт мамлекеттик айыптоочу.