2013-жылдагы жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 340 миң 800 тонна минералдык жер семирткичтер керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда, Айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди.
"Анын ичинен бизге 200 миң тонна азот, 129,1 миң тонна фосфор жана 11,7 миң тонна калий кошулган жер семирткичтер керек", - дейт Узакбаев.
Министр жер семирткич алып келген Кыргызстандык 13 фирманын кампаларында учурда 8,7 миң тонна минералдык жер семирткич бар экенин белгиледи. Анын 8 миң 509 тоннасы аммиактык селитра, 140 тоннасы аммофос жана 45 тоннасы суперфосфат.
"Маалым болгондой, Орусиялык жер семирткичтердин чыккан баасы килограммы 22-23 сом, ал эми Өзбекстандан келгендики 17,2 сом. Өзбекстандык фирма январь айында 70 миң тонна минералдык жер семирткич алып келүүнү пландаган", - дейт ал.