Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын ага машыктыруучусу Абдыганы Өмүрзак уулу отставкага кетип атканын "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, кызматтан кетүүгө негизги себеп 25-30-ноябрда Ереванда (Армения) өткөн дүйнөлүк чемпионатта курама команда ийгилик жарата албаганына байланыштуу болду. "Бул чемпионатта биз медаль ута алганыбыз жок. Мен өз ыктыярым менен жумуштан кетүүнү сурандым", - дейт машыктыруучу.
Ал ошондой эле кечээ жакында ага машыктыруучу менен башкы машыктыруучулардын чогулушу болгонун айтып, анда 2009-жылдан бери жасалган иштер тууралуу отчет бергенин кошумчалады. "Отчет берген соң кызмат ордумду тапшырып бердим. Эми мен Ошто бокс боюнча негизги ишимди аркалайм", - дейт ал.
Эскертсек, Абдыганы Өмүрзак уулу Кыргызстандын жаштар курама командасынын ага машыктыруучусу болуп 2009-жылы дайындалган. Анын тарбиялануучулары 2010-жылы Азия жана дүйнөлүк чемпионатта эки коло медаль жеңип келишкен. Андан сырткары 2010-жылы Ислам Далибаев Жаштардын I олимпиадалык оюндарына жолдомо утуп алган.