Кыргызстан басмасөз эркиндиги боюнча рейтингде эки кадам алдыга жылып, 106 орунду ээледи. Ушул эле рейтингде 2011-2012-жылы Кыргызстан 108 орунда болчу. Бул тууралуу "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун 30-январда жарыяланган отчетунда айтылат.
Орто Азиядагы башка мамлекеттер Кыргызстандан айырмаланып бир канча тепкичке ылдый түшкөн. Казакстан 6 кадамга төмөндөп, 160 орунду ээлеген,Тажикстан – 123, Өзбекстан – 164. Орто Азия мамлекеттери арасынан эң акыркы 177-орунду өткөн жылдагыдай эле Туркмөнстан ээледи.