Бүгүн 31-январда саат 10-00дөн 16-00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу "Тунгуч" конушунда, Гроздь, Жогорку Ат-Башы айылдарында, Пригородное айылынын Новая, Марат, 8-Март, Островский, Лесная көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" бөлүштүрүүчү компаниясынын басмасөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, саат 13-00дөн 17-00гө чейин Сокулук районундагы Сокулук айылынын Киров, Московский, Ленинградский, Школьный, Юбилейный, Набережный көчөлөрөрүндө, Романовка айылынын Озерная, Пионерский көчөлөрүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
"Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ААКсы жогорку чыңалуудагы "Ботбаева" көмөкчордонунда, ал эми "Түндүкэлектр" ААКсы "Тунгуч" көмөкчордонунда, "Берлик", "Майская" көмөкчордондорунан тараган 6/10 кВ электр зымдарын оңдоо иштерин жүргүзгөндүктөн электр жарыгын берүү убактылуу өчүрүлөт.