Замира Акбагышева: КБКнын ишин коомго жеткирүү боюнча жаңы долбоор башталды

"Коомдук байкоочу кеңештердин (КБК) ишин элге жеткирүү үчүн жаңы долбоор иштеп баштады". Бул тууралуу Кыргызстан аялдар конгресинин президенти Замира Акбагышева "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Долбоордун максаты - мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештердин аткарып аткан ишин элге жеткирүү болуп саналат. Бул долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен ишке ашат", - дейт ал.

Ал ошондой эле коомдук кеңеш мамлекеттик органдар жасап аткан иштердин ачыктуулугун камсыз кылып, алардын коомго жакын болуусун камсыздай турганын белгиледи.

Эскертсек, мамлекеттик мекемелердин алдындагы коомдук байкоочу кеңештер эки жыл мурун түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД