Баткен облусунун Кой-Таш айылында эки кыргыз жараны менен эки тажик жараны мушташа кеткен. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Жеңиш Разаков "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, мушташты уюштургандар азыр эркиндикте жүрөт. Бирок аларга карата кылмыш иши козголду.
"Муну массалык уруш деп айтууга болбойт, болгону бейбашчылык гана. Бир дүкөндүн терезеси сынган. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - дейт Разаков.
Эскертсек, бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Баткендин Кой-Таш айылында кыргыздар менен тажиктер ортосунда массалык мушташ болгонун жазып чыгышкан.