"Кыйноону далилдөө оор иш", - деп Бишкек прокуратурасынын 2012-жылы жасаган ишинин жыйынтыгын чыгаруу учурунда ведомствонун тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Эдил Шейшеев билдирди.
"Сотко жиберилген бардык материалдар жетишсиз болуп, айыпталуучу бардык беренелер боюнча акталып кетип атат. Көпчүлүк учурда жапа чеккендер жазган арызынан баш тартышат", - дейт Шейшеев.
Ал ошондой эле жапа тарткандар прокуратурага кеч кайрылгандыктан, көпчүлүк кордоолор катталбай калууда деп кошумчалады. Шейшеев кыйноолорду далилдөө дээрлик мүмкүн эместигин белгиледи.