2012-жылы ИИМдин 72 кызматкери жана прокуратуранын 3 кызматкери жоопко тартылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын 2012-жылдагы ишмердигин жыйынтыктап атып шаардын прокурору Талантбек Кожонов билдирди.
Анын айтымында, прокуратуранын негизги аракети коррупция менен күрөшүүгө, жер жана эмгек мыйзамына багытталган.
"2012-жылы 11 441 кылмыш катталган. Статистика көргөзгөндөй оор кылмыштар 5,5%га, башканын мүлкүнө карата – 9,1%га азайган. Зордуктоо 13,2%га азайды",- дейт Кожонов.
Ал ошондой эле өткөн жылы жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыш 351 болгонун кошумчалады. Ал эми аялдар тарабынан жасалган кылмыш иши 12%га көбөйгөн.