"Жеке экспертизанын корутундусу сотто мамлекеттик экспертизанын корутундусу менен бирдей болот", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал сот эксперттик ишмердүүлүк тууралуу мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору боюнча экспертизанын 48 түрү сунуш кылынат.
Шыкмаматов жеке эксперттерге сертификат берилип, ал беш жылда бир жаңыртылып турарын кошумчалады. "Сот-медициналык эксперттерге квалифиакция берилет. Жеке эксперттер беш жылда бир экзаменден өтүп турат. Аны өкмөттүн токтому менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия текшерет. Ал жакта окумуштуулардан турган кеңири профилдеги адистер болушат. Ошондой эле көз карандысыз адистер жана окумуштуулар да тартылат", - дейт ал.
КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бул түздөн-түз коррупцияга болгон кадам деп баалады. Анткени эксперттер экзаменден өтүү үчүн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө пара бериши мүмкүн.
Министр чынында андай коркунуч бар экенин моюндады. "Бирок экзамен керек. Коррупция менен күрөшүү жана аны аныктоо үчүн укук коргоо органдары бар. Алар муну көзөмөлдөп турушат",- деди Шыкмаматов.