Асылбек Жээнбеков Баткен облусунун тургундарын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 29-январда, Баткен облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга КР Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов да катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Баткен облусунун тургундары аймактагы азыркы абал тууралуу айтып беришти. Ошону менен бирге алар кечиктирилбестен чечилүүсү зарыл айрым маселелер тууралуу маалымат беришти.

Төрага Баткен обласындагы мамлекеттик чек ара аймагында түзүлгөн кырдаал менен таанышуу үчүн өз убагында депутаттык жумушчу топ баргандыгын, ал топтун маалыматынын негизинде Жогорку Кеңеш токтом кабыл алгандыгын белгиледи. Жогорку Кеңештин ал токтому менен келип чыккан маселелерди чечүү максатында КР өкмөтүнө бир катар тапшырмалар берилгендигин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД