Бүгүн, 29-январда, "Скат" авиакомпаниясына тиешелүү учак Алматыга жакын жерге кулап түшүп, алдын ала маалыматтар боюнча бардык жүргүнчүлөр каза болду. Бул тууралуу Lenta.ru "Новости-Казакстан" агенттигине шилтеме берүү менен маалымдады.
Такталган маалыматтарга караганда,учакта экипаждын беш мүчөсү жана 15 жүргүнчү болгон. (Алгачкы билдирүүлөр боюнча экипаж мүчөсүнүн саны 6 деп билдирилген).
Кырсык учак жерге конуп бара жатканда, аба ырайынын начар шартынан улам болгон. "Учак экинчи айлампага чыкканда жерге тийген", - деп билдирет авиакомпания.
Учак (Казакстандын прокуратурасынын маалыматы боюнча "Challenger-200") Көкшетау-Алматы аба каттамы боюнча учкан. Ал аэропортка бир нече чакырым гана жетпей, Кызыл-Туу аймагына кулап түшкөн.