Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин кезектеги жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева комитеттин аталышын "Жогорку Кеңештин Регламенти жана мамлекеттик кызмат боюнча комитет" деп өзгөртүү демилгесин сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Эскертсек, аталган комитетти Айнуру Алтыбаева жетектейт.
Эл өкүлү депутаттар да мамлекеттик кызматка кирет, ошондуктан тармактык комитеттин иш алкагын кеңейтүү жана ал караган маселелерге ылайык келтирүү максатында, Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 3-февралында кабыл алынган "КР ЖК түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна "депутаттык этика" деген сөздү "мамлекеттик кызмат" деген сөзгө алмыштыруу сунушталып жатат.
Ал эми депутат Гүласал Садырбаева ар мамлекеттик орган менен мекемеде мамлекеттик кызмат этикасы боюнча комиссия иштеп жаткандыгын эске салуу менен, аталган комитеттин атын өзгөртүүгө каршы оюн билдирди.
Жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин аталышын өзгөртүү сунушун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.